Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Дүйнөдө Жазуучулар күнү белгиленүүдө


Бүгүн дүйнө жүзүндө Жазуучулар күнү белгиленүүдө. Бул күндү эл аралык ПЕН-клуб 1986-жылы өткөргөн 48-конгрессинин чечими боюнча жыл сайын белгилеп келет. Акындарды, эссе, очерк, роман жазгандарды бириктирген бул уюмду 1921-жылы Лондондо Доусон Скот, Жон Голсуорси баш болгон белгилүү англис жазуучулары негиздеген.

Poets, Essayists, Novelists деген англис сөздөрүнүн баш тамгаларынан аталган PEN деген сөздүн өзүн которгондо да калемсап деген маанини берет.

1923-жылы ПЕН-клубдун алгачкы конгресси Лондондо өтүп, ага он бир өлкөдөгү жаңы ачылган ПЕН-борборлордун өкүлдөрү катышкан. Азыр мындай борборлор 130 өлкөдө бар. Кыргызстан ага 2000-жылы мүчө болуп кирген. (ATe)

XS
SM
MD
LG