Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Өкмөт Казакстанда жолдо жабыркагандарга жардам берүүнү буйруду


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мерт болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү жана жабыркагандарга тиешелүү жардам берүүнү тапшырды.

Кырсык кечээ кечинде Алматы – Ташкент жолунда болгон. Кыргызстандыктар түшкөн "Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобус чоң автобус менен кагышкан.

Кырсыктан 9 адам набыт болгон. Алардын сегизи кыргызстандык жарандар экени айтылууда. Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери каза тапкан жана жабыркагандардын тек-жайын аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG