Мындай сунуш менен Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Равшан Жээнбеков чыкты. Анын айтымында, сомдун кескин арзандашы өлкө экономикасы үчүн олутуу коркунуч туудурууда. Мындан улам аталган комитет ушул шаршембидеги парламент жыйынында бул маселени кароону сунушташы керектигин айтты.
Акыркы үч күндө сомдун курсу кескин арзандады. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллар сатып алуу 52 сом 43 тыйын, сатуу 53 сом 95 тыйын болсо, акча алмаштыруу жайларда бүгүн долларды сатып алуу 55 сомдун тегерегинде, сатуунун наркы 58-59 сомго жетип турат.(BkA)