Бул тууралуу «Азаттыкка» Казакстандын Кордай райондук ооруканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-март кечиндеги жол кырсыгынан 4 кыргызстандык жараат алган. Алардын үчөө аталган ооруканада. Бирөөнүн абалы оор. Жараат алгандардын дагы бири бүгүн Бишкекке алынып кетти.
Кечээ кечинде Жамбылда Алматы – Ташкент жолунда кыргызстандыктар түшкөн "Мерседес" кичи автобусу чоң автобус менен сүзүшкөн.
Кырсыктан 9 адам набыт болгон. Алардын жетөө кыргызстандык экени айтылып жатат. Учурда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу жол кырсыгынан каза тапкандар жана жараат алгандардын аты-жөнүн аныктоо боюнча иштеп жатат. (BkA/ZB)