Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Улуттук банк: Сомду турукташтыруу аракети көрүлүүдө


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрага орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин билдирди. Анын айтымында, сомдун кескин арзандашына Украина, Орусиядагы окуялардан улам акча базарындагы олку-солкулук себеп болду. Абдыбалы тегин кошумчалагандай, учурда Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу аракетин көрүп, бүгүн кезектеги интервенция жасады.

Акыркы үч күндө сомдун курсу кескин арзандады. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллар сатып алуу 52 сом 43 тыйын, сатуу 53 сом 95 тыйын болсо, акча алмаштыруу жайларда бүгүн долларды сатып алуу 55 сомдун тегерегинде, сатуунун наркы 58-59 сомго жетип турат.(BkA)

XS
SM
MD
LG