Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Британ тышкы иштер министри Орусияга каршы чараларды эскертти


Британиянын тышкы иштер министри Орусиялык аскерлер менен москвачыл күчтөрдүн Крымды көзөмөлгө алышынын “кесепети жана баасы” кымбатка турарын эскертти. Уилям Хейг Орусиянын “ынангыс” аракети “21-кылымда эл аралык иштерде” колдонулчу чараларга карамандай каршы келгени белгиленип, Украинадагы окуяларды "21-кылымдагы эң чоң кризис" деп атады. Ал кабарчыларга Орусияга каршы экономикалык жана дипломатиялык чара көрүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи. Уилям Хейг Киевде Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов жана премьер-министр Арсений Яценюк менен кездешти. Яценюк Крым Украинанын ажырагыс бөлүгү экенин айтып, өлкөгө реалдуу саясий-экономикалык жардам көрсөтүүнү сурады.

Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц журналисттерге "Албетте, Крымдын өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугу бар, бирок аны мамлекеттин территориясынын алкагында чечүү зарыл. Бул жолго Орусия Федерациясы ынана албасынан мен күмөн санабайм. Мен аскерий чатакташуу болбойт деп ишенем жана эл аралык арачылардын аракеттерин толук колдойм," - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG