Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Лавров: Аскерлер Крымга орусиялыктарды коргоо үчүн киргизилди


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, аскерлер Крымга ал жакта жашаган орусиялыктарды коргоо максатында киргизилген. Лавров Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп, орусиялык аскерлер Украинада “саясий кырдаалды нормалдашканга чейин” кала турганын айтты. Ал Украинанын жаңы жетекчилиги өлкөдөгү азчылыктардын укуктарын бузганын жана ультра-улутчулдар Украинанын көпчүлүк бөлүгүн контролдоп турганын айтып, алардын зобун-зордуктары “орусиялыктардын региондогу кызыкчылыктарына жана орус тилдүү элдин өмүрүнө коркунуч туудурганын” белгиледи. Лавров Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга “санкция жана бойкот” жарыялайбыз деп коркутканын сындады. Украина болсо Орусиядан өз аскерлерин тез чыгарып кетүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG