Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Астана Украинадагы абалды саясий жол менен жөндөөгө чакырды


Казакстан Украинадагы кырдаалды саясий жолдор менен жөндөөгө жана тараптарды күч колдонбогонго чакырды. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жанболот Үсөнов 3-мартта Астанада болгон маалымат жыйынында Украинадагы кырдаалга тиешеси бар бардык тараптарды “түзүлгөн жагдайды жөнгө салуу үчүн мүмкүн болушунча саясий аракеттерди жасоого” чакырды жана маселе “эл аралык укук нормаларынын фундаменталдык принциптерининин негизинде чечилиш керек” деди.

3-мартта Орусиянын Алматыдагы консулдугу алдында Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө каршы чакан демонстрация болду. “Азаттык” радиосунун Казак кызматынын маалымдашынча, ондой демонстрант “Орусия, Украинадан колуңду тарт!”, “Путин, STOP!» деген ураандарды көтөрүп турушту.

XS
SM
MD
LG