Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

ЕККУ Украинага байкоочуларды жиберет


Украинадагы жагдайды жана өлкөгө байкоочулар миссиясын жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө 57 мамлекеттин элчилери 3-февралда Венада талкуулашты. ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занниер саммиттен кийин: "Биз чатакты алдын алуу борборунун, биздин саясат департаментибиздин эксперттерин Украин бийликтери менен биздин мандатыбыз бар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн жиберебиз. Албетте, эксперттер ал жактагы биздин командабызды күчтөндүрөт, мүмкүн болчу ишмердүүлүктү пландоону жана башка иштерди макулдашат. Биз токтоосуз аракеттенгендей кубатка ээ болобуз", - деп билдирди.

Украинадагы кырдаал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги шашылыш жыйынында талкууланууда. Жыйын алдында Ирланиядынын тышкы иштер министри Иман Гилмор министрлер Орусияга каршы санкция колдонуу маселесин да колго салышарын билдирди.

XS
SM
MD
LG