Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Балыкчыда атышууга шектүү 5 киши кармалды


3-мартта түштөн кийин Балыкчы шаарында болгон атышууга тиешеси бар деп шектелип, беш адам милиция тарабынан кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Ооруканага үч адам октон жарадар болуп түшкөн. Сегиз адам тең балыкчылыктар экенин ИИМдин өкүлү билдирди. Окуяга тиешеси бар делген сегиз адамдын арасында таксистер жана аларга жүргүнчүлөрдү таап берчү ортомчулар да бар. “Алардын жанынан пневматикалык тапанча жана чолок мылтык табылды. Чатакташкан адамдарда газ тапанчалары болгон деген маалымат териштирилүүдө”, - деди Осмонбаев. Жарадар болуп, ооруканага түшкөндөрдүн бири “Акыйкат” партиясынын мүчөсү, Балыкчы шаардык кеңешинин мүчөсү Алтынбек Коеналаиев. Анын жаңжалга тиешеси бар же жок экенин тергөө аныктайт. Айрым маалымат булактары “Водалаз” деген каймана аты бар Максат Абакировдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү атышканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG