Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

Кара деңиз флоту Украинага шарт койгону кабарланды


Орусиянын Кара деңиз флотунун командачысы Александр Витко Крымдагы украин аскерлерине 4-мартта таңкы саат бештен кечикпей багынып бергиле, болбосо чабуул коюлат деген шарт койду. Бул жөнүндө Украинанын коргоо министрлиги маалымдады. Орусиянын Кара деңиз флоту болсо мындай шарт коюлбаганын билдирип, бул маалыматты "куру доомат" деп баалады. Мамдуманын төрагасы Сергей Нарышкин Орусия телеканалында куралдуу күчтөр “зарыл учурда гана колдонулат, азыр андай зарылдык жок” деп айтты. Крым жарым аралындагы украин аскерлеринин абалы беймаалым.

Украинанын убактылуу өкмөтү дайындаган өлкөнүн деңиз күчтөрүнүн командачысы Денис Березовский 2-мартта Крымдын орусиячыл жаңы өкмөтүн колдогонун жарыя кылгандан кийин кызматтан четтетилген. Крымдагы украин флотунун офицерлери Киев жаңы дайындаган командачы Сергей Гайдукту колдошкону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG