Дүйшөмбү күнү Пакистандын борборундагы соттук кеңсеге чабуул жасалды. Чабуул учурунда эки жан кечти койнундагы бомбаны жардырып жиберген. Аткылоо жана жардыруудан 11 киши мерт кеткен. Алардын ичинде судьялар, адвокаттар жана сот кызматкерлери бар экени кабарланууда. Бир топ кишилер жарадар болгон. Бул чабуул Пакистан бийлиги талиптерге абадан сокку урууну убактылуу токтоткондон кийин болду. (AiT)