Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Пентагон Орусиянын Коргоо министрлиги менен байланышты токтотту


АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирбинин дүйшөмбү күнү кечинде билдирүүсүнө караганда, бул эки өлкөнүн бардык түрдөгү аскердик байланыштарына тиешелүү болот. Анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүү, сүйлөшүүлөр, семинарларды өткөрүүгө да. Мындай байланыштардын болушу Кошмо Штаттар үчүн маанилүү экенине карабай Орусиянын Украинага карата жасаган аракети мына ушундай чечимге келүүгө аргасыз кылганын Пентагондун өкүлү белгиледи. Жон Кирби ошондой эле АКШнын аскер кемелери региондо айланчыктап жүрөт деген сөздөрдү төгүнгө чыгарып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн Орусияга Кара деңиз флотунун аскерлерин базаларына кайтаруу сунушталганын кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG