Кара Деңиздеги орус флотунун командачысы Александр Витко Крымда жайгашкан украин күчтөрүнө кайрылып, шейшемби күнү жергиликтүү саат боюнча таңкы бешке чейин багынып берүү талабын койду. Эгерде ал талап аткарылбаса, чабуул жасалары эскертилгенин Украинанын коргоо министрлиги кабарлады. Өз кезегинде Интерфакс маалымат агенттиги Кара Деңиздеги орус флоту ал маалыматты төгүнгө чыгарганын жазып чыкты. Киев тарабынан ишемби күнү Украин флотунун башчылыгына дайындалган Денис Березовский жекшемби күнү Крым бийлигине өткөнүн билдирген. Киев анын ордуна Сергей Гайдукту дайындаган. (AiT)