Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсыгында каза тапкан төрт кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
Үч адамдын сөөгүн Кордай райондук ооруканасынын моргунан туугандары алып кетти. Дагы бир адамдын сөөгүн куткаруучулардын жардамы менен туугандары Кара-Балта шаарына алып келди.
Казакстандын Жамбыл облусунда 2-марттын кечинде Алматы – Ташкент унаа жолунун 175-чакырымында автобус кичи бус менен сүзүшкөн.
8 адам, анын ичинен төртөө кыргызстандык, үчөө казакстандык жана бирөө орусиялык жаран ошол жерден мерт кеткен. Дагы төртөө – эки кыргызстандык, бир казакстандык жана бир өзбекстандык жаран жараат алган. Жарадар болгондор Кордай райондук ооруканасына жана №63302 аскер бөлүгүнүн госпиталына жаткырылды. (RK)