Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Азимжан Аскаров: Мени детекторго түшүрүп текшергиле


Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин “калп аныктагыч” менен текшерүүнү суранды. Ал ушундай өтүнүч жазылган кайрылууну БУУга, АКШ, Германия жана Франциянын Кыргызстандагы элчиликтерине, ЕККУга, омбудсменге, адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберди.

Азимжан Аскаров бул кайрылуусун бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүнү суранган жана “калп аныктагыч” аркылуу текшерүүнү эл алдында өткөрүү керектигин жазган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деп тапкан.

Бирок Аскаров өзү жана бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар ага карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, мыйзам бузуулар болгонун айтып келет. (SE\EzK)

XS
SM
MD
LG