Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Жол кырсыгында жабыркагандардын аты-жөнү такталды


Жамбылдагы жол кырсыгынын кесепети
Жамбылдагы жол кырсыгынын кесепети
Казакстанда жол кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын аты-жөнү такталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, набыт болгондор төртөө. Алар:

Кичи автобустун айдоочусу, Чүйдүн Аламүдүн районунун 47 жаштагы тургуну Х.Садыков, Оштун Кара-Кулжасынын тургуну, 34 жаштагы Ж. Эшанов, Бишкектин тургуну, 31 жаштагы Е.Маркелова жана карабалталык тургун, 35теги С.Касимова

Ал эми жараат алып, ооруканага түшкөндөр: Чүйдүн Аламүдүн районунун жашоочусу, 39 жаштагы Э.Курманалиева жана 25теги бишкектик Ю.Поскалев.

Казакстандын Жамбыл облусунда 2-марттын кечинде Алматы – Ташкент унаа жолунун 175-чакырымында автобус кичи бус менен сүзүшкөн.

8 адам, анын ичинен төртөө кыргызстандык, үчөө казакстандык жана бирөө орусиялык жаран ошол жерден мерт кеткен. Дагы төртөө – эки кыргызстандык, бир казакстандык жана бир өзбекстандык жаран жараат алган. Жарадар болгондор Кордай райондук ооруканасына жана №63302 аскер бөлүгүнүн госпиталына жаткырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG