Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Журналисттерди айыпка тартуу демилгеси кайра көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары такталбаган маалыматты тараткан журналисттерди эркинен ажыратуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бир нече фракциянын өкүлдөрү болгон он төрт депутаттын сунушуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, жалган маалымат жазган журналист бир жылга чейин камалышы керек же 100 миң сомго чейин айып төлөөгө тийиш. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Турсунбек Бакир уулу кабарлады.

Сунуш жалпы жыйынга алынып чыга элек.

Ушуга окшош демилгени төрт ай мурун депутат Галина Скрипкина да көтөрүп чыгып, бирок жарандык коомдун сынына кабылганда ал мыйзам долбоорун убактылуу артка кайтарып алынган.

Азыркы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине ылайык, жалган кабар тараткандар бир жумадан бир жылга чейин коомдук жумуштарга тартылып, эл алдында кечирим суроого же 100 миң сомго чейин айыппул төлөөгө тийиш. (SE)

XS
SM
MD
LG