Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Путин машыгуудагы аскерлерди базаларына кайтууга буйруду


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын жанындагы мурда күтүлбөгөн аскер машыгууларына катышкан бардык аскерлерди өз турактарына кайтууга буйруду. Орусиялык маалымат агенттиктеринин жазышынча, Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков машыгуулар ийгиликтүү өткөндүгүн билдирди. Ленинград аймагындагы Кириловский аскер жайындагы согуштук машыгууларга Путин өзү байкоо жүргүздү. Украинада орусиячыл президент Янукович бийликтен четтетилгенден кийинки кризистик кырдаалда Путин Орусиянын батышында машыгууларды өткөрүүнү өткөн аптада буйруган эле.

Расмий булактарга караганда, машыгууларга 150 миң аскер, 900 чакты танк, көп сандаган учактар жана кемелер катышты. Москва «машыгуунун Украинадагы кырдаалга тийешеси жок» деп ырастаган эле. Киевдин айтымында, Крымда 16 миңдей орус аскерлери аймакты көзөмөлдөөнү улантууда.

XS
SM
MD
LG