Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Мунапыс уюму Орусияда демонстранттар кармалышын сынга алды


Укук коргоочу Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) орус бийликтерин Орусиянын Крымга аскер киргизишине каршы чыккан жүздөгөн кишини кармаганы үчүн сынга алды. Дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө уюм орус өкмөтүнүн согушка каршы нааразылык акцияларын кууп таркатышын «өтө тынчсыздандыруучу көрүнүш» деп баалады.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусиянын көптөгөн шаарларында демонстрацияларга катышкан адамдар куугунтукка алынып, коркутууларга дуушар болууда. Мунапыс уюму дүйшөмбүдө Москва соту камакка алууга буйруган эки демонстрантты «абийир туткуну» деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG