Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Жаштар «Кара жорго» бийин аянтта бийлейт


5-мартта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында бир нече жаштар уюму Ак калпак күнүнө карата “Кыргыздын улуттук оюндары” фестивалын өткөрөт.

Иш-чаранын максаты - кыргыздын унутта калып бара жаткан улуттук оюндарын көтөрүп чыгуу менен бирге аларды шаардык жаштарга көргөзүп берүү. Бул туралуу "Азаттыка" долбоордун жетекчиси Улан Үсөйүн билдирди.

Оюндун жүрүшүндө чоӊ талашка түшүп жүргөн көчмөн элинин «Кара жорго» бийи 500дөн ашык жаштардын коштоосунда жалпы бийленип, архив катары видео тасмага түшүрүлмөкчү.

Фестивалда кыргыздын улуттук оюндарынын ондон ашык түрү ойнотулат.

XS
SM
MD
LG