Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Крымда Москва койгон ультиматумдун мөөнөтү тынч аяктады


Украинада Орусия койду делген ультиматумдун мөөнөтү тынч аяктады. Орусиянын Кара деңиз флотунун командачысы Александр Витко Крымдагы украин аскерлерин куралын таштоого буйругандыгын Украинанын коргонуу министрлиги айткан эле. Бүгүн таңкы беште деп айтылган ультиматумдун мөөнөтү өткөндөн кийин согуштук аракеттер кабарланган жок. Орусиянын коргонуу министрлиги дүйшөмбүнүн кечинде мындай ультиматум болгон эмес деп ырастады. Ал эми Кара деңиз флотунун өкүлү мындай ультуматум тууралуу маалыматты «акылга сыйбаган» ырастоо деп мүнөздөдү. Бул күнү Орусияга караган Кара деңиз флотунун 16 миңдей аскери Крымды көзөмөлдөөнү улантканы кабарланды.

Орусия Крымдын бардык чек ара бекеттерин, аскердик мекемелерди жана Орусиядан 20 чакырым аралыктагы Керч шаарындагы жүк ташуучу терминалды көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG