Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Эверестке чыккандар таштанды ала түшүүгө милдеттүү


Эверестке чыккандар таштандыларын ала түшүү милдеттендирилди. Непал бийликтери дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна чыккан алпинисттер менен алардын жардамчыларын ар бир жолу сегиз килограммдан таштанды ала түшүүгө милдеттендирди. Туризм министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы эреже апрелде башталуучу алпинизм сезонунда күчүнө кирет.

Эрежени бузгандарга көрүлүүчү чаралар али аныктала элек. Өкмөт буга чейин өз таштандыларын ала түшпөгөндөргө 4 миң доллар депозитинен айрылат деп эскерткен.

Непалдын өкмөтү ошондой эле Эвересттин этегиндеги лагерде көчмө кеңсесин ачууну пландап жатат. Анда иштегендер алпинисттерге жардам көрсөтүү менен катар алардын ич ара чыккан проблемаларын чечүүгө көмөктөшүп, тоолордогу таштанды кырдаалын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG