Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Сингапур дүйнөдөгү эң кымбат шаар аталды


"Экономист интеллижент юнит" изилдөө борбору жашоо үчүн эң кымбат шаар деп Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет-шаар Сингапурду атады. Башка себептер менен катар улуттук валюта өтө кымбат болуп, машинанын жана коммуналдык кызматтардын баасы өскөндүктөн, Сингапур өткөн жылдагы эң кымбат шаар деп табылды.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, экинчи эң кымбат шаар деп Париж аталды. Франциянын баш калаасынан кийин Осло, Цюрих жана Сидней турат.

Эң арзан шаарлар деп Пакистандын Карачиси, Индияда Мумбай менен Ню-Дели жана Непалдын баш калаасы Катманду аталды.

XS
SM
MD
LG