Президент Путин Москванын жанындагы резиденциясында жасаган билдирүүдө «орус аскерлери Крымдагы кырдаалга аралашкан жок» деп ырастады. Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Крымдагы Украинанын аскер базаларын курчап тургандарды «жергиликтүү өздүк коргонуу күчтөрү» деп мүнөздөдү.
Путин ошондой эле Москванын Украинага аскер жиберүүсүнө зарылчылык жоктугун айтып, бирок Крымдагы украин аскерлери менен орусиячыл күчтөрдүн тиреши уланып жаткан чакта Кремль «курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн» өзүндө калтыраарын эскертти.
Мунун алдында Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Украинага аскер киргизүүнү бийликтен четтетилген президент Янукович суранганын билдирген эле. Бирок Янукович андан мурда «кырдаалга куралдуу аракеттерди таптакыр аралаштырууга» каршы экендигин айткан болчу.