Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Керри: АКШ Киевге бир млрд. доллар жардам берет


Бүгүн Киевге келген АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Вашингтон Украинага бир миллиард доллардык жардам пакетин даярдап жаткандыгын билдирди. Ал Киевде украин жетекчилери менен кеңешме өткөрөөрү кабарланган. АКШ жана анын союздаштары Москва Крымдагы аскерлерин чыгарып кетпесе, Орусияга каршы санкция киргизиле тургандыгын эскерткен. Керри менен жүргөн адистер жардам топтомунда энергетикага субсидиянын кыскарышына байланышкан каатчылыкты кыскартууга, карыз, финансылык жана шайлоо институттарына машыктыруу боюнча жардам жана коррупцияга каршы күрөшкө каражат каралганын билдиришти. Алардын айтымында, Обаманын администрациясы Орусияга каршы ушул аптада экономикалык санкция киргизиши мүмкүн. Буга чейин АКШнын Коргонуу департаменти Орусия менен аскердик кызматташтыкты убактылуу токтотуп жаткандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG