Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Испания: жумушсуздук төмөндөдү


Испанияда жарыяланган маалыматка ылайык, беш жылдан ашык убакыттан бери өлкөдө биринчи жолу жумушсуздардын саны анча-мынча төмөндөдү. Эмгек министрлиги билдиргендей, иш издеп расмий катталгандардын саны февралда дээрлик эки миң кишиге азайып, төрт миллион 810 миңди түздү. 2008-жылдагы кризистен соң турак-жайлардын баасы кескин түшүп кеткенден кийин миллиондогон иш орундары кыскарып, карыздардын көлөмү асмандап кеткен эле. Испанияда жумушсуздуктун көрсөткүчү 26% түзөт. Бул Европа Биримдигинде Грециядан кийинки эле экинчи жогорку көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG