Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Штайнмаер: Орусия Крымдагы олуттуу кырдаалды түшүнөт


Германиянын башкы дипломаты Орусия Крымдагы кырдаалдын олуттуулугун түшүнүп жатканын билдирди. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмаер бүгүн Женевада Украинадагы кырдаал боюнча Орусиянын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнүн билдирди:

- Өткөн түнү мен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөштүм. Узакка баарлаштык, татаал сүйлөшүү болду. Биз бир чечимге келдик дегенден алысмын. Бизге эл аралык масштабда байланыш тобун түзүү керек, бирок мен Орусия менен Украина өз ара сүйлөшүп, макулдаша турган форматтагы мындай топ түзүүнү көздөй багыт алдык деп азырынча айта албайм.

Штайнмайер ошондой эле Лавровдун «Украинанын аймактык биримдигине шек келтирбейбиз дегенин» иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG