Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Пакистанда НАТОнун жүгүн ташыган унааларга чабуул жасалды


Кол салуу шейшемби күнү Пакистандын түндүк-батышы аркылуу Ооганстанга бараткан учурда болуп, андан эки киши мерт кетти. Пакистан аркылуу Ооганстандагы НАТОнун күчтөрүнө зарыл жүктөр ташылат. Кол салуу болгон жердин бийлигинин башчысы Жехангир Азам Вазирдин айтымына караганда, төрт автоунаа мотоцикл менен келген төрт жоочу тарабынан аткыланган. Кол салгандар качып кетишкен. Азырынча бул окуяга кимдердин тиешеси бар болгону белгисиз. Бирок талиптер мындай чабуулдар АКШ баштаган эл аралык күчтөрдү камсыздоону татаалдантарын буга чейин билдиришкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG