АКШ президентинин айтымында, Орусиянын Украинага бастырып кирүүсү күчтүүлүктү билдирбейт, ал Москвадан көп өлкөлөрдү алыстатат. Ошол эле учурда Обама Москва Украинадагы кырдаалды жөнгөрүүгө жардам бере аларын белгилеген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шейшемби күнү Киевге жасаган сапары учурунда “Орусиянын Украинага агрессиясын” айыптарын билдирди. Ал эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сактоо Украинадагы кырдаалды жөнгөрүүнүн негизги шарты экенин белгиледи. Керринин айтымында, АКШ Орусия менен чыңалган мамилени жөнгөрүүгө аракет жасайт, бирок ал Москванын кадамдарына жараша болот. (AiT)