Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны жарым миллиондон ашты


1992-жылдан 2014-жылга чейин 516 455 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус Миграция кызматынын төрага орун басары Надежда Смородинага таянып билдирди. Маалыматка ылайык, 4-мартта Орусиянын Миграция кызматы КМШ өлкөлөрүнүн консулдук кызматкерлери менен жолугушту.

Орусия КМШ өлкөлөрүнөн келгендер үчүн орус жарандыгын алууну 2007-жылы оңойлотуп, 2011-жылдан тартып кайра катаалданткан. Расмий эмес маалыматтар боюнча, бул жылдар аралыгында орус жарандыгын алган кыргызстандык мигранттардын саны 50 миңдин айланасында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG