Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Бишкекте коомдук активисттер Орусиянын аракетин айыптады


Бүгүн, 5-март күнү бир катар жарандык активисттер Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыкты. Алар Орусия бийлигинин Украинага карата мамилесин сынга алып, парламентке кайрылуу жасашты. Кайрылууда Орусиянын Украинага аскер киргизүү аракети, анын ички саясатына кийлигишүүсү эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди бузары белгиленген. Кайрылуу ээлери Орусиянын бул аракеттерине карата Кыргызстандын бийлиги, Жогорку Кеңеш каршы пикирин билдирүүсүн талап кылууда. Алар Орусия тараптан бүгүн Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирилип жаткан соң, мындай коркунуч эртеңки күнү Кыргызстандын башына түшөт деп эсептейт.

Коомдук активисттер ошондой эле Жогорку Кеңештен Кыргызстандагы Орусиянын аскер базаларын көзөмөлдөөнү, маалыматты бир жактуу бурмалап берип жатат деген жүйөө менен Орусиянын телеканалдарына жыштык пайдаланууга тыюу салууну талап кылышты. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча иш-чара Кыргызстандын катардагы жарандарынын көз карашын чагылдырат.

Пикет учурунда милиция кызматкерлери келип, бул иш-чара тууралуу алдын ала маалымдалбаганын негиздеп, акцияны таратууга аракет кылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG