Ушул жуманын аягында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматында, 8-10-мартта өрөөндөрдө жана тоолордо жаан, кар жаайт. Кээ бир аймактарда жаан-чачын көп болот. 9-10-мартта Чүй, Талас, Ысык-Көлдө түнкүсүн абанын температурасы -10...-15ке чейин төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен тарапта түнкүсүн -7...-12, күндүз -5 градуска чейин ылдыйлайт. Нарында жана тоолордо түнкүсүн абанын температурасы -25ке, бийик тоолордо -35ке чейин жетет.
Ал эми 7-мартка чейин абанын температурасы жогорулап, тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. (RK)
Ал эми 7-мартка чейин абанын температурасы жогорулап, тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. (RK)