Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Он сегиз жылда 50 миң адам кыргыз жарандыгын алды


1995-жылдан бери 51 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилди. Ал эми 27 584 адам өз каалоосу менен жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, атуулдук алгандардын 40 миңден ашууну этникалык кыргыздар. Алар кыргыз жарандыгы берилгендердин 78 пайызын түзөт. Көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген. Кыргыз атуулдугун алгандардын саны соңку эки жылда өсүп, 13 миң 414 кишини түзгөн. Анын 11 миңден ашууну этникалык кыргыздар.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы 4-мартта КМШ өлкөлөрүнүн консул кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 516 455 кыргызстандык Орусия жарандыгын алганын билдирген. (SE;ZKo)

XS
SM
MD
LG