Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Парижде Керри менен Лавров Крымды талкуулайт


Бүгүн АКШ менен Орусия Крымдагы кыйын кырдаалды талкуулоого тийиш. АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Парижде Украинадагы кризисти жөнгөрүүнүн жолдорун сөз кылышаары кабарланган. АКШнын президенти Обама Москванын Крым жарым аралындагы аракеттерин «баскынчылык» деп баалаган эле. 4-мартта Путин Крымдагы окуяларга орус аскерлеринин тийешеси жок деп, ошол эле убакта Орусиянын жарандарын жана орус тилдүүлөрдү коргоо үчүн Украинага аскер жиберилиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Крымдагы кырдаалды АКШнын президенти Обама Германиянын канцлери Меркел менен талкуулаганы кабарланууда. Обама Орусияны Крымдагы аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырып, эл аралык байкоочуларды жиберүүнү сунуш этүүдө. Ал арада Крымда орус күчтөрү Украинанын стратегиялык маанидеги эки батальонун басып алгандыгы кабарланууда. Ал эми орусиячыл демонстранттар басып алган Донецкидеги өкмөттүк кеңселерди украин полициясы эвакуациялоого киришкени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG