Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Татарстан президенти Крымга барды


Орусия Федерациясына караган Татарстан жумуриятынын президенти Рустам Минниханов Украинанын Крым жумуриятына бир күндүк визит менен келди. Миннихановдун маалымат кызматы ал Крым парламентинин мүчөлөрү, өкмөт жана крым татарларынын өкүлдөрү менен жолугушаарын билдирген. Өткөн аптада крым татарлары менен татарстандык депутаттардын эки делегациясы жолугуп кеткен эле. Киевде президент Янукович кызматтан четтетилгенден кийин миңдеген крым татарлары орусиячыл демонстранттар менен кагылышып, Крым парламентинин чукул жыйынын өткөздүрбөй койгон эле.

XS
SM
MD
LG