Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Ош: Шаарга тиешелүү жерлердин документи так эмес

Ош шаарындагы муниципалдык жерлердин баарында эле мамлекеттик акт жок. Бул тууралуу Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алымбай Кадыров бүгүн мэрия жыйынында билдирди.

- Шаардын канча муниципалдык жери бар экенин так билбейбиз. Анткени алардын көбүндө мамлекеттик акт жок. Буга чейин муну тактоо үчүн иштер жүргүзүлүп, бирок каражат жетишсиздигинен калып кеткен, - деди Кадыров.
Кадыровдун айтымында, шаардын менчигиндеги жерлердин аянты, документтери быйыл жайга чейин такталып бүтөт. (ErN)
XS
SM
MD
LG