Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Энергетикадагы коррупцияны жоюу жолдору талкууланды


Кыргызстандын Коргоо кеңеши энергетика тармагындагы системалык коррупцияны жоюу жолдорун талкуулады. Аталган кеңештин алдындагы Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөөчү жумушчу топ өзүнүн план-максаттары менен тааныштырды.

Буга чейин аталган жумушчу топ энергетика тармагындагы 25 коррупциялык схеманы аныктаган. Эми аны жоюу үчүн жумушчу топ сунуштап жаткан планда 40 иш-чара каралган. Ага ылайык, мамлекеттик сатып алууларды ачык жүргүзүү, тендердик комиссияга жарандык өкүлдөрдү арбын тартуу сунушталууда. Мындан тышкары электр энергиясын бөлүштүрүү жана пайдаланууну көзөмөлдөө базасын автоматташтыруу, оңдоо иштерин ачык, тариф жана лицензия саясатын так жүргүзүү талабы коюлууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG