Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:41

Орусия Батыш компанияларына каршы мыйзам даярдоодо


Орусиянын Федералдык Кеңеши өлкөдөгү америкалык жана европалык компаниялардын менчигин конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы кабарланууда.

РИА НОВОСТИ менен маегинде Федералдык Кеңештин Конституциялык мыйзам комитетинин жетекчиси Андрей Клишас билдиргендей, эгер бул мыйзам жактырылса президент Путин жана өкмөт «Орусиянын суверендүүлүгүн коргоого» мүмкүндүк алат.

АКШ жана анын союздаштары да Орусияга каршы санкция даярдап жатат. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус санкциялар эртең киргизилиши мүмкүн экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG