Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ЕБ Украинанын мурдагы жетекчилиги боюнча санкция киргизди


Европа Комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Баррозу Украинадагы кырдаал тууралуу Брюсселдеги маалымат жыйыны маалында. 05.4.2014. (REUTERS/Yves Herman).
Европа Комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Баррозу Украинадагы кырдаал тууралуу Брюсселдеги маалымат жыйыны маалында. 05.4.2014. (REUTERS/Yves Herman).
Соңку кабарларга караганда, Европа Биримдиктин чечими менен Украинадагы ууру-кескилик боюнча шектелген 18 кишинин банк эсептерин жана башка мүлктү пайдаланышына убактылуу чектөө киргизилди. Кабарларга караганда, бул адамдардын ысымдары Евробиримдиктин расмий басылмасында эртең (6-мартта) жарыяланат. Чектөөлөр бир жылга киргизилди.

Брюссел тизмеде Украинанын кызматтан четтетилген президенти да бар экендигин ырастаган жок, бирок Евробиримдиктеги булактар Виктор Янукович жана анын жакын шериктери да "кара" тизмеде бар экендигин "Азаттык" үналгысына бышыкташты.

Европа Биримдиги киргизген санкцияларда, бирок, аталган адамдарга Евробиримдикке барууга тыюу салынган жок.

XS
SM
MD
LG