Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Путин: Бажы биримдиги украин кризисинен жапа чегиши мүмкүн


Путин Украинадагы кырдаалга байланыштуу Бажы биримдигинде чара көрүүгө чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын экономикасындагы оор кырдаал биримдиктин өлкөлөрүнө да кесепетин тийгизиши мүмкүн деди:

- Украинада өтө тынчсыздандыруучу кырдаал түзүлдү. Украинанын экономикасы оор, балким бычактын мизиндегидей абалда. Бул Бажы биримдигинин базарына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан биз өз өндүрүүчүлөрүбүздү жана экспорттоочуларыбызды коргоонун жолдорун жана Украина менен мындан аркы алыш-беришти кандай кылаарыбызды ойлонушубуз керек. Биз шериктерибизге алар туш келген татаал абалдан чыгуунун жолун табууга жардамдашуу үчүн баарын жасашыбыз зарыл.

Путин бул тууралуу Москвада Бажы биримдигине кирген Казакстандын жана Беларустун президенттери менен жолугушууда сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG