Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Коргоо кеңеши “Агроазыккорпорациясын” жоюуну сунуштады


Коргоо кеңеши корпорацияда туруктуу коррупциялык схемалар орун алгандыгын аныктап, корпорацияны жоюуну өкмөткө сунуштады. Маалыматка караганда, "Агроазыккорпорациясынын" активдери жасалма түрдө көбөйтүлгөн жана насыяларды кайтаруунун жолдору так каралган эмес. Ошондой эле финансылык каражаттарды “жең ичинен” бөлүп кетүүгө жол коюлган. Бул корпорация мурунку бийлик учурунда айыл чарба тармагын колдоо максатында түзүлгөн. Башкы прокуратура корпорациядагы коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу кылмыш ишин ачкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG