Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

АКШ дипломаты Орусияны “дүйнөлүк коомчулуктун чыдамын текшербөөгө” чакырды


Эгерде Орусия Крым кризисин күч менен чечүүгө кирише турган болсо, анда ал “өтө терең саясий жана экономикалык изоляцияга” кабылат деп билдирди Кошмо Штаттардын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси. “Азаттыкка” курган маегинде Саманта Пауэр Орусиянын “күч киргизсек эл аралык коомчулук эмне кылмак эле дегендей текшерип көрүүсү чоң катачылыкка алып келет” деп эскертти. Пауэр ошондой эле БУУнун элчиси Роберт Серриге карата Крымда жасалган чагымды сынга алды. Шаршемби күнү Симферополь шаарында Серрини куралдуу адамдар токтотуп, тез арада аэропортко жөнөп кетүүсүн талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG