Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Cомдун наркы турукташууда


Кыргыз сомунун дүйнөлүк валюта базарындагы наркы турукташа баштады. 3-4-март күндөрдөгү кескин арзандоодон кийин абал калыпка салынып, учурда сомдун долларга карата курсу сатып алууда да, сатууда да 54-55 сомдун тегерегинде болуп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыргыз валюта базарындагы серпилүүгө акча алмаштыруучу жеке пункттар себеп болду. Алар өнөктөш өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык кырдаалга байланышкан баш аламандыктан улам доллар менен евронун курстарын өзү каалаган нарк менен белгилеп койгон. Акча базарындагы кымбаттоого катышы барлар аныкталып, аларга карата мыйзамдуу чара көрүлөт.

Апта башында 1 АКШ долларынын сомго карата баасы 59 сомго чейин көтөрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG