Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

“Карамык” чек ара өткөрүү пункту ачылган жок


Кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” жана “Гүлистан” өткөрүү бекеттеринен эки жакка унаа өткөрүлүп жатканы жөнүндөгү маалымат туура эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Тажикстандын Унаа министрлигинин кабарына таянып, бейшембиде аталган өткөрүү пункттарынан жүк унаалар өтүп жатканын жазып чыккан. Маалыматта Кыргызстандан 25, Тажикстандан 10 машине өткөнү айтылган болчу.

“Карамык” өткөрүү пункту Чоң-Алай районунда жайгашкан.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдагы чатактан улам жабык турат. (SE)

XS
SM
MD
LG