Жалал-Абадда Фергана өрөөнүндөгү жаңжалдарды четтетүү маселесине арналган конференция өттү. Ага жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү катышты. Жыйында чек арада жаңжалдарды болтурбоого коомчулуктун катышуусу, Ошто майып балдардын билим алуу укуктары, Жалал-Абадда социалдык жайларды бөлүштүрүүнүн ачыктыгы, Ош, Өзгөн шаарларында калктын таза суу менен камсыз болуусу өңдүү маселелер талкууланды.
Иш-чараны Оштогу "Интербилим" жана Жалал-Абаддагы "Жарандык коомду колдоо" борборлору өткөрдү. (YA)
Иш-чараны Оштогу "Интербилим" жана Жалал-Абаддагы "Жарандык коомду колдоо" борборлору өткөрдү. (YA)