Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Абактагы укук коргоочу чет өлкөлүк балдардан 400дөн ашуун кат алды


Өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровго соңку эки айда дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн анын абалын сурап 400дөн ашуун бала кат жазды. Бул тууралуу укук коргоочу эл аралык уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберген кайрылуусунда билдирди.

Аскаровго жазылган каттардын басымдуу бөлүгү Батыш өлкөлөрүнөн келген. Жеткинчектердин көбү анын ден соолугу жана үй-бүлөсү тууралуу кызыгып сурашкан.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Бирок Аскаров өзү өкүм акыйкатсыз болгонун айтып келет. Ушул жума башында ал өзүнүн күнөөсүз экенин “калп аныктагыч” менен текшерүүнү суранып, омбудсменге жана эл аралык уюмдарга кайрылды. (SE)

XS
SM
MD
LG