Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Евробиримдик Орусияга чара көрүү маселесин талкуулайт


Бүгүн Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын Крымга аскер жөнөтүүсүнө байланыштуу көрүлчү чараларды талкуулайт. Брюсселдеги саммиттин алдында Биримдикке мүчө 28 өлкө Виктор Януковичти баш кылып украиналык мурдагы 18 ырасмий адамдын банктардагы эсебин жана мүлкүн убактылуу камакка алган. Бул тизмеде экс-премьер-министр Николай Азаров жана Януковичтин тушунда Коопсуздук кызматын, Башкы прокуратураны, ички иштер, юстиция министрликтерин жетектеп тургандар менен кошо мурдагы президенттин уулу Александр бар. Алар мамлекеттик мүлктү уурдаган жана тыш өлкөгө мыйзамсыз чыгарып кеткен деп шектелүүдө. АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 5-мартта Парижде өткөн кездешүүсү үзүрсүз бүттү. Керринин айтымында, сүйлөшүү катаал өткөн. Эки министр бүгүн бейшемби күнү кайра кездешет.

XS
SM
MD
LG