АКШлык пилотсуз учактын чабуулунан Ооган армиясынын беш жоокери өлдү. Дагы кеминде сегиз жоокер жарадар болду. Бул маалыматты НАТОнун АКШ башындагы күчтөрү 6-мартта тастыктады жана “капылет кокустуктун себептери изилденип жатканын” билдирди. Ооган өкмөтүнүн өкүлүнүн маалымдашынча, капылет окуя ортолуктагы Логар провинциясында 5-мартта таңга жуук болгон. Аскерлердин өлүмү АКШ башындагы коалиция менен президент Хамид Карзайдын мамилесин ого бетер осолдотот деп боолгонууда. Карзай жарандардын бейажал өлүмүн жана жаңылыш авиачабуулдарды Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү сындоо үчүн жигердүү пайдаланып жүрөт.