Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Ош: Менчиктелген бала бакчаларды кайра алуу аракети көрүлүүдө


Ош шаарында менчиктештирүү учурунда жеке колго өтүп кеткен бала бакчалардын айрымдарын кайра мамлекетке алуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алымбай Кадыров мэрия жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалар алгач иштетүүгө берилип жатып, кийинчерээк алардын ээлери менчиктештирип алган.

- 90-жылдардан бери жалпы 41 объект менчикке берилип кеткен. Алардын баары ээле бала бакча катары иштебейт. Азыр үч-төртөөнү кайрадан шаардын балансына алуу боюнча сунуштар даярдалып жатат. Буюрса кайра өткөрүп алууга аракет кылабыз,-деди Кадыров.
Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев да бул маселе негизгилердин бири экенин айтты.
Учурда Ошто 31 мамлекеттик, 14 жеке менчик бала бакчалары иштеп атат.
Калаада расмий түрдө экиден жети жашка чейинки 30 миңден ашык бала бар. Алардын 10 миңдейи гана бакчаларда тарбияланат. Калган 70% наристе азырынча атайын жайларга батпайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG